Активист Айбек Теңизбайга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен айып коюлуп, атайын кызматтын Бишкек башкармалыгына 48 саатка камалды.
Бул тууралуу анын адвокаты Жаныш Бараков билдирди.
"Кылмыш иши лингвистикалык экспертизанын негизинде козголуптур. Тергөөчү бизге экспертизанын корутундусун таанышууга берди жана таанышып чыктык. Ал жерде Теңизбаевдин Ютубдагы жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү каралып, "кастыкты козутуу белгилери бар" деп белгилениптир. Ошонун негизинде кылмыш иши козголгон", - деди Бараков.
Анын айтымында, Теңизбайдын бөгөт чарасы 12-декабрда Октябрь райондук сотунда каралат.
Теңизбайды белгисиз кишилер кармап кеткени 11-декабрда эртең менен белгилүү болгон. Кийин анын жакындары бул күнү таң эрте Кой-Таштагы Теңизбайдын апасынын үйүнө өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз кишилер келип, активистти кармап кеткенин билдиришти.
Аны кайсы органдын кызматкерлери кармап кеткени белгисиз болуп жаткан.
Кечке жуук активисттин дайыны УКМКдан чыгып, ал мекеменин Бишкек башкармалыгында экени аныкталды.
Эжеси Айгерим эртеден бери маалымат берилбей жатат деп кабатырлыгын маалымдаган. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынан маалымат алуу үчүн улам келип жатканын айтып берди:
“УКМКнын Бишкек башкармалыгында экени аныкталды. Бирок маалымат бербей жатышат. Мен инимдин абалына сарсанаа боло баштадым. Адвокатты да киргизишкен жок. Апам да кыжалат болуп, кан басымы көтөрүлүп үйдө отурат. Улам бул жакка келип сурап, маалымат бергиле деп жатам, “күтө тургула” деп эле жатышат. Эртең мененки саат 8де алып кетишкен. Азыр 11 саат болуп калды”, - деди ал.
Жакындарынын айтымында, активисттин энесинин үйүндө тинтүү болуп, уюлдук телефон, планшет сыяктуу каражаттарды алып кетишкен.
“Эшикти апасы ачыптыр. Ошондо 5-6 киши үйгө кирип, тинтүү жүргүзгөн. Айбекке тиешелүү телефон, компьютер жана башка каражаттарды алып кетишкен экен. Алар өздөрү кайсы органдан экенин да айтышкан эмес. Кийин кайсы жакта болушу мүмкүн деп издей баштадык. Саат 2лерде Бишкек УКМКсы бул жерде экенин айтышты. Бирок дагы эле жооп жок. Күтүп жатабыз", - деди Айбек Теңизбайдын досу Азис Таалайбек.
Айбек Теңизбай социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече пост жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет.
Ютуб каналында подкасттарды чыгарып турат. Буга чейин укук коргоочу Рита Карасартова, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров, камактагы Темирлан Султанбеков менен маектери жарыяланган.
Камалардан мурда, кечээ кечинде ал соцтармактагы баракчаларына Конституциялык соттун өлүм жазасы тууралуу президенттин сунушун кароодон баш тарткан тыянагын колдогон билдирүү калтырган.
Андан мурда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин башкалаанын борборундагы курулуш иштерин, бийликти сындап жазган.
Активист Теңизбай 31 жашта. Президентке караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча билим алып, магистрды Түркияда уланткан. Окууну аяктагандан кийин Түркиянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык жаштардын өтүшүнө көмөктөшкөн компания иштеткен. Кийин президенттик аппаратта жана парламентте да эмгектенген.
Шерине