Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

"Баш мыйзамга ылайык келбейт". Консот өлүм жазасын киргизүү сунушу боюнча бүтүм чыгарды


Кыргызстандын Конституциялык соту өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келди.

Консот 10-декабрда “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунушун карап чыкты. Анда балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Анын жыйынтыгында өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келди.

Консоттун чечиминде: “Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык сотунун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулушу керек, - деп жазылган.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы Конституциялык соттун бүтүмүнө комментарий бере элек.

Конституциялык сот өлүм жазасына байланышкан сунушту 10-декабрда карады.
Конституциялык сот өлүм жазасына байланышкан сунушту 10-декабрда карады.

Президенттин сунушу

Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү керектиги тууралуу маселени быйыл күзүндө окуучу кыз Айсулуу Мукашева кабылган каргашалуу окуядан кийин президент Садыр Жапаров көтөрүп чыккан.

1-октябрда мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов "президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда", - деп билдирген.

4-октябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров маселе эл менен кеңешилип чечилерин айткан:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Коомчулук балдарыбыздын жана аялдардын кол тийгис укуктарын коргоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Элдин калың катмарынын бул талабы мыйзам аркылуу гана чечилиши керек. Мыйзамдын долбоору - Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө - биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет. Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет. Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек".

Консот өлүм жазасы боюнча сунушту кароого киришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

13-октябрда президенттик администрация эки мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Алардын бири, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордо 25-беренеге жаңы норма сунушталууда. Сунушка ылайык, өлүм жазасы кылмыштын бала зордуктоо жана адамды зордуктап өлтүрүү деген эки түрү үчүн каралган. Мыйзам долбоорун өлкө президентинин администрациясы иштеп чыккан.

Президенттин жаза чарасы катары өлүм жазасын колдоно баштоо демилгеси эл аралык коомчулуктун кескин реакциясын, ал эми өлкө ичинде эки башка пикир жараткан.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү Ялкун Даутов аталган беренелерге өзгөрүү киргизүү туура болот деп айткан:

Ялкун Даутов
Ялкун Даутов

"Акыркы эки жыл ичинде ошондой кылмыштар көбөйдү. Жоопкерчиликти күчөтүү, андайды болтурбоо максатында.. Биз келишимдерге кол коюп, нормаларды алып салганда ушундай жолго келгенбиз. Көп өнүккөн мамлекеттерде бул норма жок. Ошол эле учурда башка өнүккөн мамлекеттерде - Кытайда, ошондой эле АКШда мындай норма бар. Анткени мыйзам үстөмдүгү болуш керек, мыйзам иштеши керек. Мындай норма киргизгенде, кабыл алганда сот арачы институтун да караш керек. Башка мамлекеттерде чечимди сот өзү чыгарбайт. Сот арачылар менен биргиликте чогуу чыгарышат".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Ашимова балдарга каршы жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарга өлүм жазасын колдонууну колдойт. Ошол эле учурда жазаны дароо ишке ашырбай, анын мөөнөтүн белгилөө зарыл деп эсептейт:

Динара Ашимова
Динара Ашимова

"Ушундай зарылчылык бар. Анткени коркунучтуу өлкө болуп кеттик. Бирок соттун өкүмүн дароо аткарбай, ага мыйзам менен мөөнөтүн бекитип койгон туура деп ойлойм. Мисалы, соттун өкүмүн, балким, 10 жылдан кийин аткарыла тургандай кылып. Анткени жаңы жагдайлар чыгып, ал кылмышты башка адам жасап калышы мүмкүн, ушундай учурлар деле болуп калышы ыктымал да. Өмүр бою абакка кесүү деле жетишсиз болуп калып жатат", - деди экс-депутат.

Өлүм жазасы эч бир шарт менен да колдонулбашы керек деген пикирин айткандар да бар. Алардын басымдуу бөлүгү муну өлкөдө сот системасынын, сот адилеттигинин жана тергөөнүн чабалдыгы, көзөмөлдүн жетишсиздиги менен байланыштырууда.

"Система азырынча даяр эмес..."

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков өлкөнүн тергөө жана сот органдарынын абалына карап чечим кабыл алсак деген пикирин “Азаттыкка” билдирген:

Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

"Жеке пикиримде, тергөө органы талкаланып калгандай, абдан чабал. Биздин мыйзамдарда көрсөтүлгөн далилдерге баа берүү дегенди деле жакшы билбей жатышат. Биздин сотторду дагы жамандагым келбейт, мен деле ошол системада иштеп келдим да, бирок арасында алсызыраак судьялар бар. Убагында мен дагы керек деп ойлочумун. Себеби жаш балдарды зордуктаган акмакчылык болуп жатат. Ошондойдо мыйзам керек, бирок азыр ага даярдык зарыл. Ал эми тергөө органдарына баягы эле ыкчам кызматкерлер алып келет, алар деле кыйраткан эч нерсеси жок. Өлүм жазасын киргизүү үчүн сапаттуу тергөө органы, сапаттуу сот системасы, судьялар болушу шарт. Көзөмөл деген жакшы болуш керек, прокуратура оозун ачып жүрбөш керек. Көзөмөл ошолордун мойнунда, алар кылмышы болсо дагы, болбосо дагы сотко өткөрөт да, соттон өтүп кетсин деген мамиле болот. Ошондуктан ушунун баарын даярдагандан кийин мыйзамды күчөтсө туура болот. Анткени андай кылмышкерлерге катуу жаза колдонбосо болбойт".

Зомбулукка кабылган, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз-келиндердин жакындарынын укугун коргоп жүргөн адвокат Индира Саутова да азыр Кыргызстан өлүм жазасын киргизүүгө даяр эмес деп эсептегендердин бири:

Индира Саутова
Индира Саутова

"Ошондой кылмыш кылган адамдар жазасыз калгандан улам ушундай көбөйүп жатат деп айтат элем. Азыркы эле мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жетиштүү болот деп ойлойм. Андай кылмыш кылгандарга мунапысты жойсун, тергөө абагында отурган 1 күнүн 2 күн деп эсептегенди жойсун. Ушундай аспектилер боюнча өзгөртүү киргизүү жетиштүү деп ойлойм".

Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгесине каршы экенин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева да билдирген. 30-октябрда БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушуу учурунда ал өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы жасалган кылмыштар жыл сайын 36% көбөйүп жатканын белгилеп, бирок өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептей турганын айткан:

Жамиля Жаманбаева
Жамиля Жаманбаева

“Биз коомдун каргашалуу окуяларга болгон эмоционалдуу реакциясын түшүнүп жатабыз, бирок, өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз. Андан көрө, тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкерди жазадан качып кутулбасын камсыздап, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”.

Жолугушууда БУУнун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертишкен.

Эл аралык милдеттенмелер тууралуу эскертүү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк 26-сентябрда Адам укуктары кеңешинин бул маселеге арналган иш-чарасында “2025-жылы өлүм жазасы дегенге орун жок” деп билдирди. БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсеси Фолкер Түрктүн бул билдирүүсүн 2-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн өлүм жазасына мораторий киргизип, жазанын мындай түрүн алып салууга жана өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн болгон кылмыштардын санын азайтууга чакырды.

Фолкер Түрк
Фолкер Түрк

“Өлүм жазасын жокко чыгаруу боюнча дүйнөдөгү иш-аракеттер күч алып, көптөгөн мамлекеттер аны жокко чыгарып же чектеп жатканы мени кубандырат. Ошого карабастан көп өлкөлөрдө өлүм жазасына тартылгандар көбөйүп жатат. Дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн экиси өлүм жазасын расмий жокко чыгарса, 30га жакыны дагы деле адамдарды өлүм жазасына тартууну улантууда”, - деди Фолкер Түрк.

Ал өлүм жазасы иштеп жаткан өлкөлөрдө айрымдар соттун акыйкат чечими жок эле ушундай жазага тартылган учурлар бар экенин, кээ бирлери такыр эле ак жеринен өлүм жазасына кириптер болорун кошумчалады.

Адам укуктары жаатында иш алып барган эл аралык жети уюм: Freedom For Eurasia, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR), Адам укугу боюнча Хельсинки фонду (HFHR), Araminta, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), People in Need (PIN), Civil Rights Defenders кыргыз бийлигинин демилгесин кескин айыптаган билдирүү тараткан.

“Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы күрөшүү өтө маанилүү, бирок өлүм жазасын киргизүү аны чече турган жол эмес. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, катаал жазалар, анын ичинде өлүм жазасы да натыйжалуу чара эмес. Өлүм жазасын кайра киргизүү, тескерисинче, коррупциядан, жазасыз калуудан жана мыйзам үстөмдүгүнүн алсыздыгынан жапа чеккен укуктук системада кыянатчылыктарды күчөтөт. Ал аз келгенсип, мындай кадам Кыргызстандын Конституциясын түздөн-түз бузат. Анткени анын 25-беренесине ылайык өлүм жазасына тыюу салынган жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин, атап айтканда, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколун бузат. Бул документ аны ратификациялаган мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан, кандай гана жагдай болбосун, өлүм жазасын жоюуну талап кылат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоо уюмдары өлүм жазасынын ордуна кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө, анын ичинде кризистик борборлорду, баш калкалоочу жайларды ачууну, тиешелүү кызматкерлерди окутууну, укук коргоо органдарындагы катачылыктар үчүн сөзсүз жоопко тартууну, кылмышкерлерге жасаганына жараша оор жаза берүүнү жана башка чараларды сунуштаган.

  • Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган.
  • 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.
  • Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2024-жылы Кыргызстанда 14 жашка чейинки 5 бала жана 34 аял өлтүрүлгөн. Быйыл жыл башынан бери 8 ай аралыгында 3 бала, 21 аял зомбулуктун курмандыгы болду. Былтыр 14 жашка чейинки 53 бала жана 19 аял зордукталса, быйыл сегиз ай аралыгында 14 жашка чейинки 20 бала, 18 жашка чейинки 42 өспүрүм жана 19 аял ушундай кылмыштан жабыркады.
Өлүм жазасы саясий куралга айланабы? Дүйнөлүк тажрыйба
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00

Шерине

 

XS
SM
MD
LG