Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

«Кайраттын» дарбазачысы Темирлан Анарбеков Чемпиондор Лигасында мыкты оюнчу аталды


Темирлан Анарбеков "Интер Милан" менен беттеште. Ноябрь, 2025-жыл
Темирлан Анарбеков "Интер Милан" менен беттеште. Ноябрь, 2025-жыл

«Кайрат» футбол клубунун дарбазачысы Темирлан Анарбеков Чемпиондор Лигасынын алкагындагы мелдештин мыкты оюнчусу болуп аталган алгачкы казакстандык болуп калды.

Алматылык клуб 9-декабрда Астанада Грекиянын «Олимпиакосу» менен беттешип, 0-1 эсебинде утулуп калды. Бирок бир нече жолу топту киргизбей кармап калган Анарбеков УЕФА тарабынан мелдештин мыкты оюнчусу деп аталды.

Бул жеңилүүдөн кийин алты оюндун жыйынтыгында бир упай алган казакстандыктар эмки этапка катышпай калышы мүмкүн.

22 жаштагы футболчу быйыл күзүндө негизги голкипер Александр Заруцкий жаракат алгандан кийин «Кайраттын» негизги дарбазачысы болуп калган. Ал клубдун Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына өтүшүнө чоң салым кошкон. Шотландиялык “Селтик” клубу менен чечүүчү оюнда Анарбеков үч пеналтини тосуп, күйөрмандардын эсинде калган.

Чемпиондор Лигасынын алкагында «Кайрат» испаниялык “Реал Мадрид”, италиялык «Интер Милан» жана башка белгилүү клубдар менен таймашты.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG