Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

ЕАЭБ Кыргызстанга 15 миң электромобил ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берди


Электромобилдерди кубаттоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Электромобилдерди кубаттоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкмөттөр аралык кеңешинин Орусиянын борбору Москва шаарында өткөн жыйынынын жыйынтыгында Арменияга, Кыргызстанга жана Беларуска 2026-жылга электромобилдерди ташып келүүдө бажы алымдарынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берилди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында кабарланат.

Беларус 20 миң даана толук электр менен жүрүүчү автоунааларды, Армения менен Кыргызстан ар бири 15 миң даанадан толук электр менен жүрүүчү жана гибриддик автоунааларды бажы алымдарысыз ташып келе алат.

Бажы алымынан жеңилдик тиешелүү өлкөнүн туруктуу жашаган жарандарына гана берилет. Транспортко ээлик кылуу укугун Орусиянын же Казакстандын жарандарына өткөрүүгө чектөө коюлду.

Кыргызстандын Министрлер кабинети да 12-декабрда билдирүү таратып, ЕАЭБ расмий Бишкекке 15 миң даана электромобил ташып келүүдө бажы алымдарынан жеңилдик бергенин ырастады.

Евразия экономикалык комиссиясы 2022-жылдын мартында айрым мүчөлөрүнө электромобилдерди бажы алымысыз ташып кирүүгө уруксат берген. Муну Кыргызстандын өкмөтү да өз токтому менен бекиткен.

Кыргызстан 2022-жылы 5 миң даана, 2023-2024-2025-жылдары 10 миң даанадан электромобилди бажы алымысыз ташып кирүүгө уруксат алган. Расмий маалыматтарга ылайык, бул мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылды. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG